Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Караван мектеп-интернаты КПССтин 20-съездинин тарыхый чечимдерине жана Кыргыз Өкмөтүнүн токтомуна ылайык уюштурулуп, ал кездеги Таш-Дөбө орто мектеби жайгашкан жай атайын интернат үчүн тандалып алынган. Имараттын курулушун ал кездеги Жалал-Абад обл исполкомунун төрагасы Жаныбеков, обл.ОНОнун башчысы Акмолдоев, обкомпартиянын мектептер бөлүмүнүн башчысы Т.Саткыналиевдер тикеден-тике жетекчиликке алышып, тез аранын ичинде бүткөрүшкөн.

1956-1957-окуу жылында 1-класстан 7-класска чейин 7 класстык комплект болуп, ага Жалал-Абад обл. бардык райондорунан келген балдар кабыл алынган. Алгачкы директору болуп С.Абдылдаев, андан кийин Ж.Мавлянов иштеген.Алгачкы мугалимдери Ы.Байназаров, Л.Н.Филатова, М.Адылбеков, Ж.Нуркулов, А.Мырзаматов, Ж.Абылкасымов, А.А.Шелк, Л.А.Шелк, З.А.Петрик, А.Молдалиева, С.П.Булатов, К.Орозалиев, Т.Өмүрзаков, Э.Үсенов, Л.Александрова, Р.Тагаева ж.б. болушкан. Мектептин кыздар жатаканасы ____-ж. балдар жатаканасы _____-ж. ашканасы ______-ж. курулган. Биринчи жылы мектеп интернатта 245 тарбиялануучу окуп, тарбияланса, 1959-1960-ж.

1-бүтүрүүчүлөрдү чыгарган, окуучулардын саны 350гө жеткен. Ж.Мавлянов мектепке орус тилдүү, орус улутундагы мугалимдерди чакырган, жайгаштырган. Ар кайсы региондордон кадрларды чакырып, толуктаган. Райондо 1-духовой аркестр уюштурулган, спорт ишин жөндөндүргөн. Мектепке керектүү көмөкчү имараттарды салдырган. Ошондой эле 24 квартиралуу, 3 эки кабаттуу үй салдырган. Колхоз жеринен интернат үчүн жер бөлдүрүп алган жана бак тиктирген. Мөмө-жемиш, жашылча менен камсыз кылып турган.

Ж.Мавлянов 1956-1961-ж. директор болуп иштеген. Бул мезгилде мектепти жабдуу, жаңы курулуштарды куруу, мугалим жана окуучулардын окуу тарбиялык иши, жашоо-турмушу жөнүндө кам көрүп, окуучулардын ден-соолугуна кам көргөн. Жунай агайыбыздын баштаган жакшы саамалыктары бүгүнгө чейин изин суутпай жашап келет.

1964-1965-окуу жылынан тартып интернат 8 жылдыкка айландырылып, 1969-1970-окуу жылынан баштап орто билим берүүчү мектеп интернатка айландырылган. КРнын министрлер Советинин 1990-жыл. 11-майындагы жаңы типтеги жалпы билим берүүчү мектептер жөнүндөгү токтомуна ылайык Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын №1-4-б 22-июль 1992-жылдын буйругу менен Кербен интернатынын базасында кербен лицейи 1992-жыл 1-августта ачылган. Аксы райондук кеңешинин XXI чакырылышынын 19-сессиясынын токтому менен Кербен лицейине Кыргыз эл жазуучусу Ж.Мавляновдун ысымы 1994-жылы берилген.

1956-2021-ж.ж. директор болуп иштегендер: С.Абдылдаев, Ж. Мавлянов, Ж.Абылкасымов, К.Үметов, Б.Исабаев, Ж.Нуркулов, А.Турдалиев, Ө.Эргешова, С.Жаналиев, Э.Сатаев.

Мектепте Ж.Мавляновдун эстелиги тургузулуп, музейи уюштурулган.Омүрүн мектепке арнап, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамын алган биз сыймыктанган эжекелерибиз:Эргешова Октомкан,Тагаева Роза,Сатыбекова Кулуйпа эмгектенип кетишкен.

Учурда лицей-интернат инновациялык мектептердин катарын толуктап, А.Д.Чилетованын жетекчилиги астында жаш муундарга билим жана тарбия берип келинүүдө. Азыркы күндө 57 мугалим жана 7 тарбиячы эмгектенет. Физика, математика, биология, химия предметтери тереңдетилип окутулат.Анын ичинен Эл агартуунун отличниктери-21 мугалим эмгектенет.Мектебибиздин ишин алдыга жылдырууда төмөндөгү ардагер мугалимдерибиздин салымы чон: Жээнбаева Суйумкан,Алимбекова Чынара,Дуйшонова Жумагул,Нарбаева Атыркан,Ашыралиева Кишим,Кожомкулов Мырзаким,Султанмуратов Стамбек, Абдылдаев Тажыбек,Чукөтаева Чынара эжеке-агайлар талыкпастан эмгектенүүдө.

Мектебибиздин материалдык базасын чыңдоодо эл аралык уюмдар менен биргеликте № 2-окуу корпусу,мектептин ашканасы заманбап жаңыланды.

2021-окуу жылында №1 окуу корпусунда кыргыз тили жана адабият кабинети,информатика кабинети, биология кабинети,математика кабинети жаңыланып жасалгаланды.

Окуучуларыбыз тарабынан жетишилген ийгиликтерге токтоло кетсек 11-а класстын окуучусу Жакыпбеков Актан 2018-жылы Республикалык олимпиадада англис тили боюнча 1-орунга жетишти,   2020-жылы           11-класстын окуучулары «АСТЕЯ»командасы менен зордук –зомбулуктун алдын алуу боюнча Республикада 1-орунду алышты.Мындай жетишкендиктер «Манас тануу»ийриминин катышуучуларына да тиешелүү. Жетишилген ийгиликтерди жараткан биз сыймыктанган мугалимдерибиз Омуракунова Нурниса, Шатманова Зыйнат, Жоробекова Бузейнеп,Аманбекова Мээрим, ж.б.  агай эжекелерибиздин салымы чоң. Азыркы мезгилде үзүрлүү талыкпастан, окуучуларга билим тарбия берип келе жаткан агай эжекелерди атай кетсек, А.Жайчибекова ,  А.Суйерова, А.Чыналиева, Г. Абдыракманова, Г.Умаркулова, Г. Матмуратова, Э.Жоробекова, М.Чондуева, Д.Каленов, Ш.Кутманова, К.Назарбаева Г.Мавлянова, Т.Ташполотова, А.Асыранова, А.Тургунбаев ж,б.эжеке агайлар эмгектенип келүүдө. Жаңы замандын талабына ылайык, жаңы ыкмалар,усулдар,интерактивдик доска менен сабактар өтүлөт.Биздин окуучуларыбыз мектеп ичинде,жана райондук масштабдагы ири иш чараларга активдуу катышып келүүдө.