Сабактардын жүгүртмѳсү

Кыргыз Республикасынын бардык жана менчик формасындагы жалпы билим берүү умдарында 2022-2023-окуу жылында сабактар 1-сентябрда башталып 25-майда аяктайт.

Каникулдардын графиги:   -күндүзгү-7 календардык күн:2022-жылдын 31-октябрынан башталып,               6-ноябрга чейин, сабактар 2022-жылдын 9-ноябрынан башталат;

— кышкы-12-календардык күн: 2022-жылдын 30-декабрынан башталып,   2023-жылдын 10-январына чейин, сабактар 2023-жылдын 10-январынан башталат;                                                                                                                      -жазгы-10 календардык күн: 2023-жылдын 20-29-марты, сабактар 2023-жылдын 30-мартынан башталат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндөгү» №201 токтому менен бекитилген санитардык эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге (11-бөлүк) ылайык окуу тарбиялоо процессин уюштурууда төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:

-сабактар 8:00 сааттан эрте башталбайт;

-эки сменада иштеген жалпы билим берүүчү мектептерде 1,5,9,11-класстарда жана компенсацияланып окуткан класстарда окутуу биринчи сменада уюштурулушу керек;

-бардык предметтер боюнча үй тапшырмалардын көлөмү аны аткарууга кеткен убакыттан ашпагандай болушу керек (астрономиялык сааттардан);  2-3-класстарда-2саат, 6-8-класстарда -2,5 саат,9-11-класстарда-3,5 саатка чейин.

Жогорудагы окуу планы Ж. Мавлянов атындагы №14 Кербен инновациялык лицей-жатак мектебинин эмгек жамаатынын 2022-жылдын   16-августундагы педагогикалык кеңешмесинде талкууланып, №1 токтомунун негизинде кабыл алынды.