Тарых күнү. Роза Айтматова менен жолугушуу
Кечээгибиз-тарых, бүгүнкүбүз-жашоо, эртеңибиз-табышмак!
7-8-ноябрь күндөрүнө утурлай «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күнүнө жакын, 5-ноябрь күнү Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун бир тууган карындашы Роза Төрөкуловна Айтматова эжебиз жана жээни Асан Акматов менен жолугушуп, Чыңгыз абабызды жана Төрөкул абабызды эскерип кайттык.
Улуу адамдар жөнөкөй болот дегендей, Роза эже эң жөнөкөй, тамашакөй, ошону менен бирге эң акылдуу аялзаты экендигине дагы бир ынандык.
Биздин мектептин жаңы уюшулган «Чыңгыз Айтматов» атындагы музейине Чыңгыз абабыздын өзү белекке берген сүрөтүн, статуясын, өзү жазган китептерин жана чет тилдерге которулган китептерин белекке берди.
Эң негизгиси, бизге көп маалымат айтып бергенинде эле. Таякелери Аксылык болоорун айтып, жердештерге салам жолдоду. Жашы 90го таяп калса да акылы тунук, сөзү ордунда эжебиздин атасын, агасын эскерген маалыматтарын угуп, батасын алып, жатак-мектептин балдарына айткан каалоо-тилектерин кошо ала келдик.
Дагы бир кызык жери жана өкүнүчтүүсү 5-ноябрь күнү ( биз жолуккан күн дал келгенинде) Төрөкул Айтматовдун соту саат 10до болуп, 20-25 мүнөткө эле созулуп, атууга өкүм чыгып, өкүм чыгаары менен атылып анан ошол атылган жердин короосунда майрам өткүчө үстүн жаап тыштап койгону, 8-ноябрь күнү белгисиз, эч кимге айтпай көмүлгөнү, үй-бүлөсүнө 10 жылга чейин кат жазбоо жөнүндө жана сүргүнгө айдалганы жөнүндө кабар бергени жөнүндө өкүнүч менен айтып бергени болду! Аттиң ……
Роза эже сизге бекем ден-соолук, чыгармачылык ийгилик, узак өмүр каалайбыз! Дагы сиздин калемиңизден жаралган китептерди күтөбүз!
Комментарии